Адахан Мадумаров: “Кемпир-Абад кетиптир” деген ызы-чуу катуу

Бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештини жалпы жыйыныда депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселелси жана парламенттин ичине Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин автомат көтөрүп келиши тууралуу маселе көтөрдү.

-“Кемпир-Абад кетиптир” деген ызы-чуу аябай катуу кетип жатат. Биз да өткөндө сунуш кылганбыз, беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолукмайынча,  бул маселени токтотуп турсаңыздар деп. Макул болушкан, Президенти да, өкмөтү да, баары отурган. Бирок жең-учунан барып кол коюп бергендиги, аны теледен айттырып жибергенлдиги өлкөдө катуу будуң-чаң жаратууда,-деди Мадумаров.

Депутат ошондой эле өлкөдөгү жана Жогорку Кеңештеги кырдаал жеңил эмес экенин да кошумчалады:

-Ошондуктан биз мыйзамдарды кабыл алууну токтотсок, өлкөдөгү кырдаал оңой эмес. Өлкөдөгү эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал да жеңил эмес. Өткөндө коопсуздук комитетинин жетекчиси (Камчыбек Ташиев-ред.) эки жащик автомат көтөрүп,  парламенттин ичине кирип келгендиги бул – жапайычылык. Бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна, укуктук тарабына сөзсүз баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак, анда Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткарбады деп билиш керек. Ушул маселелерди биринчи күн тартибине киргизип, ушуларга чекит коюп карап, андан кийин мыйзам кабыл алсак, менимче, максатка ылайык болот, -деди Адахан Мадумаров.

Сүрөт: kenesh.kg

   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты