Депутат Кыдыралиев Жапаров менен Ташиевди ынтымакка чакырды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев азыркы саясий окуялар тууралуу айтты.

-2006-жылдары Кыргызстанда жаңы партия түзүлгөндө, аты “Ата журт” болгон, түптөгөн кишилер  Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев болгон. Биз алардын артында турганбыз. Мен өмүрүмдө калп айткан киши эмесмин. Мен түнү менен ойлонуп чыктым, президент уктабады, Ташиев да ооруп жатат. Мен жоопкерчиликти алып, айткым келет. Мен экөөнөн тең улуумун, айтып кетким келет, бирөө эл шайлаган президент, Камчыбек Ташиев Кыргыз эл баатыры, экөө биригип, чек ара маселесин чечти, экономиканы  өстүрдү. Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүп жатат. Жумушта өндүрүштө «издержки» (түшүнбөстүктөр-ред)  түшүнбөй калгандар болот. Мен чакырат элем эки досумду, баарыбыз бир бололу, алдыга койгон максаттарга жетебиз, экөө тең кыргыз элинин патриоту, ичкен ашын таштап, чуркап кетет. Биз дагы, парламент, бөлүнбөй-жарылбай, ынтымакта бир туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот. Элибиз-журтубуздун турмушун оңдоп, бардык максаттарга жетебиз, -деди Умбеталы Кыдыралиев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары, анын арасында УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Элизар Сманов кызматтан бошотулду.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды.  Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты