Депутат Кожокулова: Адахан Мадумаров ооруканада дарыланууда

  • 6 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын камактагы лидери Адахан Мадумаров Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Гуля Кожокулова 26-октябрда билдирди.

Депутат Кожокулова Адахан Мадумаровду көрүүгө ооруканага барганын, бирок ал кайтарууда экенин жана ал жакка киргизбей турганын айтты.

Буга чейин Адахан Мадумаровдун УКМКнын убактылуу камак жайынын ооруканасына жеткирилгени кабарланган.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты