Адахан Мадумаров УКМКнын СИЗОсунан ооруканага жеткирилгени кабарланды
- 8 месяцев мурун
Депутат Адахан Мадумаров УКМКнын СИЗОсунан ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бир канча маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Мадумаров ооруканага бүгүн, 26-сентябрда жеткирилген. Азырынча дарыгерлер ага кандай диагноз койгону белгисиз.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.
Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.