Депутат Кокулов тууну алмаштыруу аракетиндеги белгисиз демөөрчүлөр маселесин көтөрдү

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 7-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Кокулов тууну алмаштыруу аракетиндеги белгисиз демөөрчүлөр ким экенин сурады.

-Элге желектин алмаштырылышы жакпайт жатат. Эмне себептен экенин билбейм.  

Экинчи суроо белгисиз демөөрчүлөр болуп жатат. Эмнеге биздин тууну алмаштырууда белгисиз демөөрчүрөр бар? Кыргызстандын биринчи символикасын алмаштырганга.

Биз деле тууну алмаштырганга укмуш каршы чыгып жаткан жокпуз, бирок эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убакыт келди го деп ойлойм,

ККМ менен деле ошондой, иш жүзүндө ал кирди, бирок түшүндүрүү иштери жүргөн жок.  Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйбүз, -деди депутат Кокулов.   

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, “Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”.  

Сүрөттө: Мамлекеттик туу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты