Депутат Камила Талиева эл-бөлүнүп-жарылбаганын айтты

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын билдирди. Төраганын билдирүүсүнөн кийин депутат Камила Талиева акыркы окуялар боюнча пикирин айтты.

Депутат Камила Талиева мындай деди:

-Саясий кырдаал тездик менен өнүгүп жатат. Кандай болгон күндө да алилеттикти туу тутсак. Бирөөнүн артынан бычак сайганды токтотсок. Ушул жерде коллегалар, нары-бери чуркап, артынан бычак урмайды токтотолу дедим. Парламентти төрага бөлүп-жарган жок. Кимди бөлдүк, кимди жардык? Көрүнгөн ушакты, көрүнгөн саясатты жеткирип тургандар болду,-деди Камила Талиева. -Эки досту да ушулар уят кылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып жатат. Эл бөлүнөп-жарылган жок, ошол бийликтегилер, ошол вице-премьер бөлүп-жарып жатат. Адилеттикти айтканыбыз үчүн мүмкүн биз кодулоолорго каларбыз. Чоң саясатта жүрөбүзбү, чыдайбыз. Парламентке чыдаганыңар келгиле. Кээ бирөөлөр комфорт зонада жүрөт, мамлекеттин маянасын алып жатат. Биздин саясат таза болбосо, элдин шору. Эл эки дос деп жакшы мааниде эркелетип айтып коёт. Эки достун ынтымагын да бузгандар болду, — деди Камила Талиева.

-Эки достун ынтымагын ыдыраткандар болду. Кимиңер Камчыбек Кадыршаевичтей иштедиңер? Келгиле, бир кайрылуу кылалы, токтотолу. Мага кыжалат болуп чалып жатышат. Келгиле, президентке кайрылуу жасайлы. Кимдер-бирөө айтышы керек. Болбойт мындай, чогуу келдиңер, кечээтен бери күтүп жатам, жанында жүргөндөр, Умбеталы гана айтты, рахмат ага. Кимдир-бирөө айтар бекен, эки дос урушпаш керек деп айтар бекен дедим. Төрага ошонун курмандыгы болду,-деди депутат Талиева.

Бүгүн, 12-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын жазды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтан кеткенден кийин, Нурланбек Тургунбек уулу да кызматтан кетери айтылып келген.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.

Сүрөттө: Камила Талиева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты