Депутат Бекешев: Казакстандын бийлигинин ЖККУдан жардам сураганы — алсыздыгы  

  • 2 года мурун

2010-жылы Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү ЖККУнун аскерлерин киргизүү өтүнүчү менен кайрылгандыгын, ЖККУга мүчө-мамлекеттер баш тарткандыгын, бирок ошол чечим туура болгондугун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасына жазды.

-2010-жылы Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү ЖККУнун аскерлерин киргизүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда Казакстан менен Россия аскерлерди киргизүүдөн баш тартканын, ал чечим туура болгонун билдирген.  

Казакстандын бийлиги эми ЖККУ уюмуна тартипти сактоо боюнча кайрылып жатат. Бул бийликтин ички саясий көйгөйлөрүн чечүүдө алсыздыгын айтып турат. Ошол логика менен ЖККУнун аскери Кыргызстанга бир канча жолу кирмек экен.   

Мен ЖККУнун Уставын жана Келишимин окудум, анда ЖККУ сырттан башка өлкөлөрдүн куралдуу кол салуусуна каршы турууга түзүлгөн. Албетте, мыйзам боюнча бийликке каршы тургандардын баарын террористтер деп атоого болот, -деп жазды депутат Дастан Бекешев.   

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты