Камила Талиева: “Бул — мага Орунбеков берген микрофон эмес, эл берген микрофон”
- 4 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөт өкүлүнө шайлоочулардын талабын билдирээр алдында “Бул мага Орунбеков берген микрофон эмес, эл берген микрофон” деп билдирди.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 15-январда Фейсбук баракчасында депутаттар Дастан Бекешевге жана Камила Талиевага сын пикир айткан.
“Социалдык байланыш тармагында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көтөрүп жаткан маселелерге жооп берип коюуну туура көрдүм. Эл өкүлдөрүнүн көтөргөн маселесине өтүүдөн мурда, президентибиздин сөзүн дагы эске сала кетейин: “Демагогия жана популизм менен алектенбеңиздер”деп суранды эле” деди Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков Камила Талиева тууралуу мындай деген:
“Депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу сүйлөптүр. Депутат айым, “мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталган мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген бар экен. Ушу кантип болсун, мындай сыйлыкты ким ойлоп таап сунуш кылды” деп өкмөттү сындап жатат. Камила Абдразаковна, Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда, алгач тактап алып, анан микрофонго чуркасаңыз болмок. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында расмий киргизилген. Мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген сөз жок. Долбоорду кайра карап чыгып, жакшылап окуп көрүүнү сунуштайм. Ал эми “эл акыны”, “эл жазуучусу” деген наамдар бириктирилип калыптыр депсиз, эми аны депутаттар талкуулап, сунуш берип, толуктап, алымча-кошумча кылып койсо болот» деген президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.
Камила Талиева бүгүн, 15-январда, парламент жыйынынын башталышында Орунбековго жооп берип, өзү бир дагы мыйзам долбоорун окубай калбай турганын, “чемичкедей чагып окуп”, ар бирине даярданып келээрин айтты.
“Бизге үйрөтүшпөсүн. Биз мыйзамды семичкедей чагып окуйбуз. 21-октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлорун окуп, комментарий берсек кетпей турган. Кечээ күнкү мыйзамдарды мен 10 жолудан окугам” деди эл өкүлү.
Ага чейин 14-январда Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунун авторун мамлекетке душмандык кылды деп айтыптады:
«Бул мыйзам долбоорунун автору ким болду экен? Бул мамлекеттин душманы. Кайсы гана министрлик болбосун, ал президентти жана Жогорку Кеңешти уят кылып жатат. Мисалы, мен Эл акынын айтпай эле коеюн. Кеменгер деген наам мамлекеттик кызматкерлерге берилет дейт. «Кеменгер наамын» мамлекеттик кызматкерге берсек, ал кызматкер бир күнү коррупцияга айыпталып кармалса, «аа, бул кеменгер эмес, жеменгер экен» деп алып коебузбу? Кеменгер деген улуу наам менен Калыгул, Жеңижок сыяктуу адамдарды атасак жарашат. Эл акыны дегенди алып салышыптыр. Бул миңдеген жылдар мурун берилген. Эмне Женижок, Барпы, Арстанбекти да Эл жазуучусу дейбизби? Кыргыз адабиятындагы поэзия жанрын чийип салабызбы? Эгер бул мыйзамды карап, кабыл ала турган болсок, Жогорку Кеңеш шерменде болобуз!» деди депутат.
Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору күн тартибинен алынып коюлган.
Ал эми Дастан Бекешев бүгүн, 15-январдагы, жыйын алдында 12-кичирайондогу 64-үйдөгү, 7-кичирайон 44-үйгө футбол аянтчасын куруу боюнча элдин талабын айтты.
Дайырбек Орунбеков Дастан Бекешевдин 14-январдагы жыйында айткандары боюнча мындай деген:
-…Дастан Бекешев төмөндөгүдөй кайрылуу жасаптыр, кыска мазмуну: “Бишкектеги ботаникалык бактын ичине футбол талаасын курганы жатышат. Бул жерге адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок»дептир.
Ботаникалык бактын абалы мурда кандай эле? Кароосуз калып, бактары куурап, сугат системасы иштен чыккан, ичинде жырткыч жаныбарлар, чөөлөр аралап, сейилдеп баса турган жолдору караңгы, кечкисин кылмыштуу окуялар катталган аймакка айланып калбады беле? Президентибиздин тапшырмасы менен азыр оңдолуп жатат. Сейилдеп басып жана чуркай турган тротуарлар курулуп, бактын ичи жарыктандырылып, видео байкоолор, 8,5 чакырым болгон веложол бар. Үч скважина казылып 270 метрден суу чыгарылды. Учурда бактарды тамчылатып сугаруу системасы коюлуп жатат. Куурап калган бактарды калыбына келтирүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо жана функционалдык милдеттерине зарыл болгон муктаждыктардын баары жасалууда. 147 гектар болгон ботаникалык бактын тосмосу толук жаңыланды.
Шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден-соолукту чыңдоочу аянтча курулууда. Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар. Дастан Бекешев мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат.
Буюрса, жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен, кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм, -деген Орунбеков.
14-январда Дастан Бекешев футбол аянтчасын Ботаникалык бакка эмес, башка жакка курууну сунуштаган:
-Бардык жерде өсүмдүктөрдү өстүрүп, көбөйтүшүүдө. Бизде болсо, Ботаникалык бакка футбол талаасын курганы жатышат. Өзгөчө коргоого алынуучу жерлер тууралуу мыйзамда Ботаникалык бак био ар түрдүүлүктү көбөйтүү үчүн жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн өстүрүлөрү жазылган. Ал эми ал жакка футбол талаасы курула турган болсо, кайсы био ар түрдүүлүк тууралуу сөз болушу мүмкүн? Албетте футбол талаасы керек, менден үйдүн короолоруна, башка жактарга футбол аянтчасын уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышат. Мен футболдун өнүгүшүн колдойм. Бир да футболист Ботаникалык бакта футбол талаасын курууну суранбаса керек. Ботаникалык бак футбол талаасын уюштуруу үчүн түзүлгөн эмес. Келгиле, футболду Ботаникалык бактан бөлүп карайлы, -деген Дастан Бекешев.




