Бекешев “Кылмыш жасоого иммунитет бербешибиз керек” деди. Долбоор баары бир 1-окууда кабыл алынды
- 2 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 28-январда, Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыккан. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелери чечүү сунушталууда.
Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кабыл албоо керектигин, долбоор укук коргоо органдарына кылмыш жасоого иммунитет берерин жана элге каршы мыйзам экендигин билдирди.
-Урматтуу депутаттар, кылмыш кодекси Конституциядан жогору тургандай көрсөтүлүп жатат. Экономикалык коопсуздук, маалыматтык коопсуздук үчүн кылмыш жасоого жол ачылат, ал кылмыш деп эсептелбейт дейт. Биз кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына кылмыш жасоого мүмкүнчүлүк бергендей болобуз, алар кылмышты экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздук, коомдук тартипти орнотуу, Конституциялык түзүлүштү коргоо деп, адамды өлтүрүп коюуга да болот, экологиялык коопсуздук деп дарактарды кыйып салууга болот, маалыматтык коопсуздук үчүн силердин компьютериңерди талкалап коюуга болот, булар кылмыш деп эсептелбей калат.
Биз кылмышка иммунитет бергени жатабыз. Урматтуу депутаттар, мен абдан суранам, ушул мыйзам долбоорун комитет кантип өткөрдү? Конституция кылмыш кодексинен жогору турат. Бул мыйзам долбоорун кабыл албаш керек. Мындай мыйзам долбоорун таптакыр кабыл албоо керек. Ал биздин табиятыбызга, бардык жарандарга каршы келет. Кандай айтылып жатканын уктуңузар да, “экономикалык, экологиялык жана башка себептерге байланыштуу кылмыш катары эсептелбейт” деп жазылып турат. Бул ар бириңерге, туугандарыңарга тиешеси бар. Бул беренени дагы бир жолу окуп көрүңүздөр. Бул баарыбызга каршы мыйзам долбоору,-деди депутат Дастан Бекешев.
Депутат Ырысбек Атажанов мыйзам долбоорун жыйынга алып келген Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден Дастан Бекешевдин айткандарына жооп берип коюуну өтүндү.
Ички иштер министринин орун басары Аширходжаев мындайча жооп узатты:
-Мен Дастан Далабаевичтин (Бекешев-ред.) айткандары менен макул эмесмин. Бул экологиялык, экономикалык коопсуздукка, Конституциялык түзүлүшкө каршы болсо деп жатат. Бул иш-аракеттердин ар бири боюнча юридикалык баа берилет. Конституцияга да карама-каршы келбейт, Конституцияда андай жазылган эмес. Кылмыш курамы кылмыш-жаза кодекси менен белгиленет. Эгерде кылмыш-жаза кодексине кирсе, кылмыш болуп саналат, кирбесе кылмыш болуп саналбайт.
Депутат Жылдыз Курманалиева Дастан Далабаевичтин айтканына кошула турганын билдирди.
-Кылмыш-жаза кодексинин 18 жана 50-беренелерине кирип жаткан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун кылмыш болуп саналбайт дегенге каршымын. Себеби Конституциянын 4- жана 23, 53-беренелерине туура келбейт. Ошондой эле каралып жатканда тергөөчүлөр, прокурорлор, адвокаттар, сотторго ар кандай колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, коррупциялык схеманын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Экинчиден, 227-берененин 2-бөлүгү, 330-берененин 2-бөлүгү “мүлкүн конфискациялоо менен” деп сунушталып жатат. Ушул сунушталып жаткан нерселер канчалык туура деп ойлойсуз?-деди депутат Курманалиева.
Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев бул Конституцияга каршы келбесин кайрадан түшүндүрдү. Киши өлтүрүү менен коштолбой турганын, прокурорлор, соттор бар экенин айтты.
-Кийинки беренелер боюнча салык төлөнгөн болсо, ал кыскартууга жатат. Иш козголгондо, салык төлөсө, кыскарууга жатат,- деди министрдин орун басары Аширходжаев.
Аталган мыйзам долбоорун сунуштаган комитеттин башчысы Сүйүн Өмүрзаков, комитеттин корутундусунда экинчи окууда бул 18 жана 50-беренелер, эки берене алынып салынарын айтты.
Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев да эки берене алып салынарын эскертти.
Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Коңкубаева парламент комитетинде мыйзам долбоору катуу талкууланганын, айтылган эки берене жана башка беренелер алынып салынары айтылганын кошумчалады.
Депутат Гуля Кожокулова Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесине сунушталган эскертүүгө да токтолуп, кылмыш жасагандыгы тууралуу ыктыярдуу билдирген жана кылмыштуу жол менен алынган мүлктү өз ыктыяры менен берген адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу нормасы талаштуу экенин белгиледи.
-Кылмыштуу акчаларды легалдаштыруу боюнча жаңы бөлүктү сунуштап жатасыздар, эгер кылмыш жасаган киши жасалган жосун тууралуу ыктыярдуу билдирсе жана мүлкүн өткөрүп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деп. Зыянды төлөп берүү тууралуу сөз жок, он жылдап мыйзамсыз мүлктү колдонсо, анан өткөрүп берип койсо, эч кандай жоопкерчилик тартпайбы?-деди депутат Кожокулова.
Министрдин орун басары Аширходжаев “эгер кылмыш курамы жок болсо” деп кошумчалады.
Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Коңкубаева бул беренелерге башкы прокуратура каршы экенин айтты.
Депутат Гүлнара Акимбаева кесиптештеринин каршы пикирине кошула турганын билдирди.
-Мыйзам долбоорунун 18 жана 50-беренелеринде, атап айтканда 18-беренеде, «экологиялык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын сактоо, адеп-ахлагын коргоо, жарандардын укугун жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун кылмыш болуп саналбайт” деген жоболор Конституцияга да каршы келет деген ойду колдойм,-деп билдирди депутат Акимбаева.
Талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоору баары бир биринчи окууда кабыл алынды.18-жана 50-беренелер алынып салынмай болду.
Сүрөт: kenesh.kg




