Таалатбек Масадыков ЖККУ баш катчысынын орун басарлыгынан бошотулду
- 1 месяц мурун
Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары кызмат ордунан бошотулду.
Мирлан Тургунбеков ЖККУ Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
2026-жылдын 1-январынан тартып Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетовду ЖККУда Таалатбек Масадыков алмаштырарын Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин ТАСС жазган.
Таалатбек Масадыков 2022-жылы ал Кыргызстандын президентинин өзгөчө иштер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.
Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат. 1961-жылыЧүй облусунун Беш-Күңгөй айылында туулган. Эки уулу жана кызы бар. Кыргыз, орус, англис жана пушту тилдеринде эркин сүйлөйт
1984-жылы Мосвка мамлекеттик эл аралык мамилелер университетин аяктаган. 1988-1991-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун аспирантурасында окуган. Афган адабияты боюнча диссертация жактаган.
1995-1996-жылдары Кыргызстандын өкмөтүнүн мүчөсү болгон.
12 жыл БУУ системасында иштеген.
2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.




