Депутат: Кыргызстандагы балдардын 95 пайызынын тишинде көйгөйү бар
- 1 неделя мурун
Кыргызстандагы балдардын 95 пайызы тиш кариесинен жапа чегет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 3-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
-Кыргызстандагы балдардын 95 пайызы тиш кариесинен жапа чегет. Элестетсеңер, бул абдан чоң, кайгылуу цифра. Муну саламаттык сактоо министрлиги берип жатат. Эгер иликтесе, мунун эң башкы себептеринин бири – туура эмес тамактануу. Ал эми туура эмес тамактануу кайсы жерде болуп жатат? Негизинен балдар бакчаларында жана мектептерде. Биздин кичинекейлерибиз кандай тамактанып жатканын карап көрүңүздөрчү, балдар бакчаларында кант жешет, кантты бардыгына, компот, кефир, ботко, нан, чайга кошот. Темир жетишкендиги болуп жаткандан кийин, чайды бербеш керек, суу эле бериш керек. Чоң курактагы кишилердин оозу жыттанат, гигиенанын айтпаганда да, бул дагы туура эмес тамактануудан. Тиш көйгөйү анан жүрөк жана башка көйгөйлөргө алып келет. Бул орчундуу маселе, ушуга көңүл бурулуш керек, -деди Дастан Бекешев.




