Депутат такси кызматы кескин кымбатташы мүмкүн экенин билдирди

  • 3 месяца мурун

1-февралдан тарта таксилерди милдеттүү түрдө лицензиялоо күчүнө кирет.

Ошондон улам Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматы кескин кымбатташы мүмкүн экенин билдирди.

Ал белгилегендей, жаңы талаптар көптөгөн айдоочуларды жумушсуз калтырып, таксилердин саны да азайышы мүмкүн.

«Таксилер бир топ кымбаттайт. Себеби суроо-талап көп болуп, сунуштар чектелүү болот. Ошондо таксилер 200-300 сом эмес, 700 жана 800 болот » деди Бекешев.

Бекешев белгилегендей, бүгүнкү күндө такси тармагында кеминде 70 миң адам иштейт.

Бирок 7 миңге жакын адам гана лицензия алган. Лицензиядан өтө элек айдоочулар көп болгондуктан, депутат Министрлер кабинети бул мөөнөттү узартышы керек деп эсептейт.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат, анын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом деп белгиленген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты