Президент Кыргызстан өкүлүнүн ЖККУ баш катчылыгына дайындалышы маанилүү окуя экенин белгиледи

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-апрелде, Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Жолугушууда өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргызстандын өкүлүнүн уюмдун башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин баса белгилеп, Таалатбек Масадыковго ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.

Таалатбек Масадыков президентке 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын баса белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты