Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулду

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрүнүн айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Саясатчылар «Кумтөр» иши боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов камактан бошотуларын билдирген.

8-декабрда парламент жыйынында атайын комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду  абактан  бошотууну сунушташкан. Ал эми Жетигеновдун иши кийин каралары айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты