Депутат аралашкан мушташ: Токмок жеген баланын апасы окуяны калыс териштирүүнү суранды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан жапырт мушташта Токмок жеген баланын апасы Майрам Чотонова уулунун абалы тууралуу журналисттерге буларды айтты:

-Депутат болсо эле сабай бериш керек бекен? Аларга баары болобу? Балам «жакшымын» эле дейт, башы-көзүнөн эчтеке көрүнбөйт. Депутат экен деп жаап койбой, териштиришсин. Жаңы эле угуп келдим. 4-класстан бери атасыз өскөн, жалгыз уулум. Депутат деп жоопсуз калтырьай, туура чечим чыгарып беришсин. Садыр Жапаровдон суранам,- деди.

Жапырт мушташта токмок жеген баланын абалы тууралуу аны дарылаган врач журналисттерге мындай деди:

-Бейтаптын абалы орточо, баш сөөктүн жабык жаракатын алган. Томографияга тарткандан кийин ахвалы белгилүү болот, -деди врач.

Жабырланган баланын коопсуздугу үчүн ал ооруканада кайтарууга алынганы маалым болду.  

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ЖМКга берген маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн ресторандарынын биринде саат 03:30да коомдук тартипти бузган адамдар Д.А. ны сабап салганы айтылат. Жабыр тарткан адам улуттук госпиталга кайрылган жана анын баш мээсинин жабыр тартуусу боюнча медициналык аныктама коюлган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай  11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы “Жал” кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышкан.

Аталган долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов тарабынан демилгеленип, шаар бюджети аркылуу ишке ашырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты