Депутат катышкан мушташ: Жабыркаган жаран арыз менен милицияга кайрылган

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ЖМКга берген маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн ресторандарынын биринде саат 03:30да коомдук тартипти бузган адамдар Д.А. ны сабап салганы айтылат. Жабыр тарткан адам улуттук госпиталга кайрылган жана анын баш мээсинин жабыр тартуусу боюнча медициналык аныктама коюлган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай  11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы “Жал” кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышкан.

Аталган долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов тарабынан демилгеленип, калаа бюджети аркылуу ишке ашырылган.

Сүрөттө: Депутат Жаныбек Абиров. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты