Депутат Аида Исатбек кызы: «Гимн тандоодо коомчулук да катышкандай болуш керек»
- 2 месяца мурун
Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги социалдык саясат комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минстри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын жаңы гимнинин долбоорунун сынак мөөнөтүн узартып берүү боюнча токтом долбоору боюнча чыгып сүйлөдү
Министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, 488 жарандан 703 сунуш келип түшкөн. Анын ичинен 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөн. Биринчи конкурста бир дагы долбоор жактырылган эмес.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сынактын мөөнөтүн узартып берүүнү суранды.
Гимнди тандоо боюнча комиссия 47 адамдан турат, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутататтары бар, ведомстволук орган жетекчилеринин орун басарлары, кадырлуу композитор, акындар бар.
-Коомдук талкууга алып чыкпайбыз. 4-5 долбоор тандалып алынды деп жарыялайбыз.Экинчи этапка, музыка чыгарууга берилет,- деди министр Мамбеталиев.
-Коомчулук эч кандай пикир бере албайт, пикир киргизе албайт. Мен ойлойм, ошол жагын да ойлонуп көрбөйлүбү. Себеби дегенде бул гимн да, ар бир адам колун көкүрөгүнө алып туруп, ырдайт,- деди депутат Аида Исатбек кызы.
Буга чейин мамлекеттик комиссия гимнге коюлган талаптарга жооп берген чыгарма табылган жоктугун, кайра конкурс жарыяланарын билдирген.
2024-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин спикери Тургунбек уулу Нурланбек (ред. мурда Шакиев) мамлекеттик туунун аркасынан мамлекеттик гимнди өзгөртүү керек экендигин билдирген. Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча” парламенттин төрагасынын пикирин колдой турганын айткан.