Дамира Ниязалиева үч жылга соттолуп, бирок мунапыс менен бошотулду

  • 2 месяца мурун

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиевага байланыштуу кылмыш ишти карап, өкүм чыгарды.

Бишкек шаардык сотттон 2-мартта билдиришкендей, Ниязалиеваны кошкондо алты киши кылмыш кодексинин «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды. Бирок аларга карата мунапыс колдонулуп, эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчиликтен бошотулду.

Сот өкүмү 29-февралда чыккан.

2023-жылы 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирип, аудиону «монтаж» деп айткан.

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери 29-май күнү кечинде кармалган. Алар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экени айтылган.

30-майга караган түнү милиция Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазуудан кийин козголгонун билдиришкен.

5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шек саналып жатканын билдирген. Талапкер коюлган дооматты четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты