CPJ: Кыргыз бийлиги «Азаттыктын» эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керек

  • 10 месяцев мурун

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет кыргыз бийлигинин «Азаттык» радиосун жабуу боюнча чечиминен баш тартканын оң жыйынтык катары баалап, бирок «башында эле мекемени жабуу аракеттери жүрбөшү керек болчу» деп билдирди.

Уюм мындай билдирүүсүн сайтына 12-июлда жарыялады.

«Кыргыз бийлиги «Азаттык» радиосунун эркин иштөөсүнө шарт түзүп, өзүнө жакпаган же макул болбогон мазмун боюнча «Азаттыкка» жана башка ЖМКларга кысым көрсөтүүнү токтотушу керек», — деди эл аралык комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтоткон.

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да 12-июлда билдирүү таратып, «Азаттык Медиа» мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин «Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. «Азаттыктын» адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты