«Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райсотунун чечими жокко чыгарылды

  • 10 месяцев мурун

12-июлда Бишкек шаардык соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимди бекитти. Ошону менен Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарды жана соттук териштирүүнү токтотту.

«Азаттык Медиасы» мындай деп билдирди:

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу талаш жараткан видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес. Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык жана Интернет мейкиндигинде жогорудагы видеоматериал жок болгондугуна байланыштуу, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет«.

Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мындай деп айтылат: “Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат. Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди».

Былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты