Согушка жалданууга байланыштуу кармалгандардын саны төрт кишиге жеткени кабарланды

  • 4 недели мурун

“Азаттык”  жалданмачылыкка байланыштуу  кармалгандардын саны төрт кишиге жеткенин жазып чыкты. Буга чейин чейин эки киши кармалганын, эми дагы экөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалганын билдирди. Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.  

“Бишкектин Биринчи май райондук соту жаңы маалым болгон эки шектүү кишинин да бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, 17-июнга чейин камакка алынганын билдирди. С.В.Т. жана В.В.А. аттуу эки шектүүнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кармаганы жана кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин (“Жалданмачылык”) 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгону жазылган. Буга чейин УКМК эки кишини кармаганы белгилүү болгон. Алардын бири Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секерина жана экинчиси – Ош шаардык мэриясынын кызматкери экени айтылган” деп айтылат “Азаттыктын” маалыматында.

Кармалган төрт кишинин арасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин бар экени да белгиленди.  

Кыргызстандыктарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынат жана 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты