Чыңгыз Айдарбеков ИИМде сурак берди

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, VIII чакырылышка депутат болуу кезегинде турган Чыңгыз Айдарбеков Ички иштер министрлигинде (ИИМ) 31-мартта кечинде сурак берип чыкканын бир катар ЖМК маалымдады.

Чыңгыз Айдарбеков кайсы маселе боюнча суракка алынганы азырынча белгисиз.

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Интернетте тараган аны каралаган видеого жооп берип, БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканын айтты.

Өткөн жумада Ютуб каналда “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен видео чыккан. Анда Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени айтылат.

Чыңгыз Айдарбеков айтылгандарды төгүндөп, өзүн каралоо жүрүп жатканын билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы ага тез арада мандат бериши керектигин белгиледи.

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК болсо Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

Сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты