Чыңгыз Айдарбеков депутаттыкка талапкер болуудан баш тартты

  • 1 месяц мурун

Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Бул тууралуу Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактарда билдирди.

Анын арызын Боршайком бүгүнкү жыйынында карайт.

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Айдарбековдун бөгөт чарасы өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Маалыматта А.Ч.А.  (Айдарбеков Чыңгыз Азаматович- ред.) тышкы иштер министри болуп иштеген мезгилде айрым жетекчи кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги айтылат.

ИИМ Чыңгыз Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылганын билдирди. Атап айтканда, көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча төлөм квитанциялары, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үлүштүк үч келишим алынган.

Ошондой эле буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чыңгыз Эгембердиевдин дипломатиялык кызматта иштеген мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу, анын ичинде контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөнү аныкталган.

Чыңгыз Айдарбеков Интернетте тараган аны каралаган видеого жооп берип, БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканын айтты. Ошондой эле ага тагылган айыптоолор чындыкка дал келбесин дагы билдирүүдө.

10-мартта Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек болчу. БШК Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлиги системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси, тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Сүрөттө: Чыңгыз Айдарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты