Чет элдиктер үчүн «санарип көчмөн» макамын берүү жобосу бекитилди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн «Санарип көчмөн» («Digital nomad») макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекитти.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Санарип көчмөн макамын алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.

Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан.

Кыргызстандын министирлер кабинетинин токтомунун негизинде «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») стутусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталганы да белгиленген. 

Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.

«Дүйнө жүзүндө Digital nomads деп аталган «Санариптик көчмөндөрдүн» санынын өсүү тенденциясы күч алууда. Адамдар иштөө үчүн компьютер жана жогорку ылдамдыктагы жакшы интернет эле керек болсо, дүйнөнүн каалаган жеринен иштей алышат. Пандемия учурунда аралыктан иштөөнүн кеңири жайылган практикасы кеңседе болуунун зарылдыгы жок адистердин белгилүү бир кластерин аныктап, калыптандырды жана бул адамдардын көбү бир нече компанияларда иштешет. Мындай адамдарды Кыргызстанга көчүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул жөнгө салуучу демилгенин максаты болуп саналат», – деди  экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Президент Садыр Жапаров апрелде «санарип көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты