Кыргызстан «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарт түзүүнү көздөйт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча тескемеге кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, тескеме Кыргызстанга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Тескемени аткаруу үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу:
  • Кыргызстанга келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрүү;
  • «Бишкек» эркин экомикалык аймагынын жана жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыгуу;
  • бул чөйрөдөгү квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу санкцияга кабылган Орусиянын айрым жарандары жер которууга мажбур болууда. Алардын арасында ар кайсы тармакта иштегендер, анын ичинде IT-адистер да арбын. Көпчүлүгү Орусияда абал турукташканга чейин Кыргызстанда болорун билдиришүүдө.

Адистер Кыргызстан орусиялык IT-адистерди тартса болорун белгилеп келет.

Жакынкы айларда Орусиядан 70-100 миң IT-адис чыгып кетиши ыктымал деген божомолун 22-мартта Baza басылмасы Орусиянын электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого таянып жазып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты