Чет элдик жарандарга «Санариптик көчмөн» макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоору башталды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын министирлер кабинетинин токтомунун негизинде «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») стутусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталды. 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Санариптик көчмөн» макамы  Кыргызстан аймагына визасыз, жашаган жери боюнча каттоо жана иштөөгө уруксат, жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтери жок кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүндүк берет.

«Дүйнө жүзүндө Digital nomads деп аталган «Санариптик көчмөндөрдүн» санынын өсүү тенденциясы күч алууда. Адамдар иштөө үчүн компьютер жана жогорку ылдамдыктагы жакшы интернет эле керек болсо, дүйнөнүн каалаган жеринен иштей алышат. Пандемия учурунда аралыктан иштөөнүн кеңири жайылган практикасы кеңседе болуунун зарылдыгы жок адистердин белгилүү бир кластерин аныктап, калыптандырды жана бул адамдардын көбү бир нече компанияларда иштешет. Мындай адамдарды Кыргызстанга көчүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул жөнгө салуучу демилгенин максаты болуп саналат», – деди  экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 6-апрелде «санарип көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге  кол койгон.

Анда  маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап,  жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү экендиги айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты