Үч округдагы шайлоо: Шайлоочулардын 13,23 %ы добуш берди
- 8 месяцев мурун
Бүгүн, 30-июнда, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо жүрүп жатат.
Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 13,23%ы добуш берди.
Шайлоочулардын саны- 311 363, добуш бергендердин саны — 41 186. Ноокат шайлоо округу боюнча -18,77%, Ысык-Көл шайлоо округу боюнча-13,61, Свердлов шайлоо округу боюнча-8,82%.
Бул тууралуу маалыматтык шайлоо системасынан билүүгө болот.
№29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча 5 талапкер катталды.
№36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 15 талапкер катталды.
№ 5 Ноокат шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалган.
23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шайлоо округунан депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.
Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган. Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.
Сүрөт: Маалыматтык шайлоо системасынын скриншоту