БУУ согуш башталгандан бери Газага бир суткада эң көп гуманитардык жардам жеткирди

  • 5 месяцев мурун

Бирикен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жүк ташуучу 61 унаасы Газа тилкесинин түндүк аймагына кирди. Бул Палестин — Израил согушу башталгандан бери бир сутка ичинде жеткирилген эң чоң жардам болуп калды.

Газага суу, тамак-аш жана дары-дармектер жеткирилди. Акыркы күндөрү катуу кармаштар жүрүп жаткан «Ас-Шифа» ооруканасына 11 «Тез жардам» унаасы, үч автобус жана эвакуация жүргүзүүчү жүк машина жеткирилди.

25-ноябрь күнү кечинде Израилдин Ницана айылынан жардам жүктөлгөн дагы 200 жүк ташуучу унаа Газага киргени кабарланды. Мындан тышкары ал жерге 129 литр күйүүчү май да жеткирилди.

Газа тилкесинде 24-ноябрдан бери төрт күндүк мөөнөткө ок атышуу токтотулган. Бул убакыттын ичинде ХАМАС тобу 7-октябрда туткунга алган 50 аялды жана балдарды Израилге өткөрүп бериши керек. Израил болсо 150 палестианалыкты, аялдарды жана балдарды бошотмой болгон.

24 жана 25-ноябрда ХАМАС бардыгы болуп барымтадагы 26 израилдикти жана 15 чет өлкөлүк жаранды бошотту, алардын көбү Таиланддын жарандары.

26-ноябрда ХАМАС Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп бергени белгилүү болду. Израилдин армиясы билдиргендей, алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар.

Израил түрмөдөгү 39 палестин аял менен баланы бошоткону кабарланды.

Газа тилкесинде Израил менен палестиналык ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) убактылуу ок атышпоо келишими төрт күн, 27-ноябрга чейин күчүндө болот. 

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланганын КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Видеодон. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты