Газа тилкесинде ок атышпоо келишими  27-ноябрга чейин күчүндө болот

  • 5 месяцев мурун

Газа тилкесинде Израил менен палестиналык ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) убактылуу ок атышпоо келишими төрт күн, 27-ноябрга чейин күчүндө болот. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды.

Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнү жана барымтадагылар менен түрмөдө отургандарды алмашууну камтыйт.

Төрт күндүн ичинде ХАМАС барымтага алган 200дөн ашуун адамдын кеминде 50сүн бошотот деп күтүлүүдө.

Келишимдин шарттарына ылайык, төрт күндүн ичинде 150 палестиналык туткун бошотулушу мүмкүн.

Убактылуу ок атышпоо келишими күчүндө кезде бардык согуштук аракеттер токтотулуп турат. Тилкеге гуманитардык жардам киргизилет. Күн сайын 130 миң литр дизель жана 200 жүк ташуучу унаа жөнөтүү пландалууда.

Израил бийлиги бул элдешүү эмес экенин баса белгилеп, ок атышпоо келишими аяктагандан кийин ХАМАСка каршы күрөш улана турганын айтууда.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан каза тапкандардын саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3 жарым миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланганын КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты