Газа тилкесинен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланды

  • 5 месяцев мурун

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз борбору билдирди.  

Маалыматта белгиленгендей, бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Палестинанын Газа тилкесиндеги туруксуз кырдаалга байланыштуу, КР тышкы иштер министрлигинин, Сауд Аравиядагы элчилиги жана Орусиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашырылды.  

Орусия өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация рейси Москва шаарына келгенде Кыргыз Республикасынын жарандарын КРнын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты.

Кыргыз тарап Орусия тарапка  Кыргыз Республикасынын жарандарын Газа тилкесинен ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинин аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантарын билдирди.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты