Кыргызстанга кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
- 7 часов мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагына ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ички рыноктун иштешин камсыз кылуу үчүн азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасынын кант рыногун өнүктүрүү, кант тармагынын чийки зат жана кайра иштетүү базасын сактоо максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, төмөнкүлөрдү кошпогондо, ак кантты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 170199100, 1701991001, 1701991009) үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Төмөнкүлөрдү кошпогондо:
1) жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү, анын ичинде аны Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экинчи мамлекеттин аймагына ташууда, 2) Кыргыз Республикасынын аймагына андан ары анын чегинен тышкары ташып чыгуу (реэкспорттоо) үчүн ташып келинүүчү, 3) “экстра” ак сортун, 4) бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине темир жол транспорту менен жүктөп жөнөтүлгөн товарларды кошпогондо убактылуу тыюу салынат.
Ак кантты мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү боюнча мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго тапшырмалар коюлду. Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




