БУУ комитети Кыргызстанда журналисттерге болгон кысымга тынчсызданууда

  • 1 год мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар боюнча пакттын аткарылышы боюнча корутундусун жарыялады. 3-ноябрда жарыяланган баяндамада комитеттин тынчсыздануусу, сунушу жана пакттын аткарылышынын оң жактары камтылган.

«БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге, өз пикирин ачык билдирип, өзгөчө бийликти сындагандарга, анын ичинде блогерлер менен журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Кыргызстанга коомдук кызыкчылыкты сындап жарыялап жаткандарга карата кылмыш жоопкерчиликтери менен жазалоону колдонбоо кеңеши берилет. Жабык жайларда кыйноо менен өлтүрүү тууралуу маалыматтарга комитет тынчсызданууда. Комитет Кыргызстанды жабык жайлардыгы өлүмдөрдү токтоосуз изилдеп, анын себептерин ар тараптан ачып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү карашы керек», — деп жазылган БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин корутундусунда.

Эксперттердин баамында, соңку айда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Кыргызстандагы эркин медиаларга карата болуп көрбөгөндөй кысымдын күчөшүнө байланыштуу 28-октябрда ЖМКларга жасалып жаткан кысымга  каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык кампания өттү.

Журналисттер мындай деп билдиришти: «Биз сөз эркиндигине жана басма сөз эркиндигине болуп жаткан жапырт жана буга чейин болуп көрбөгөндөй басымды токтотууга, журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырабыз!!

!Адамдарды, айрыкча аялдарды, энелерди камоо токтотулушу керек! Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алууну талап кылабыз!!

!Сөз жана ЖМК эркиндигин чектөө боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерин токтотууну талап кылабыз. Ошондой эле соттун чечими болбой туруп ЖМКларды жабууга мүмкүндүк берген өтө катаал мыйзамдын күчүн жоготуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөгө чакырабыз!» деген алап коюшту ЖМК өкүлдөрү жана эркин журналисттер.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты