Садыр Жапаров БУУда бейөкмөт уюмдарды каржылоону токтоткону үчүн Дональд Трампка ыраазылыгын билдирди
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 22-сентябрда, президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясындагы сөзүндө санкциялар тууралуу айтып келип, бейөкмөт уюмдарды каржылоону токтоткондугу үчүн АКШнын президенти Дональд Трампка ыраазылыгын билдирди.
“Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда. Учурдан пайдаланып, ушул багытта кесиптешим, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп мырза бийликке келгенде саясий чечим менен дүйнө жүзү боюнча НПОлорду каржылоону токтоткондугун белгилей кетейин. Жыйынтыгында өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ички ишине жана саясатына НПОлордун кийлигишүүсү дээрлик токтоду. Трамптын чечимдери мамлекеттердин суверендүүлүгүн жана өз алдынча өнүгүү жолун тандоого шарт түздү. Ошондуктан бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Трамп мырзага НПОлорду каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетейин” деди Садыр Жапаров БУУдагы сөзүндө.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




