БУУ сессиясында президент Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча биргелешкен трасттык фонд түзүүгө чакырды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясындагы сөзүндө президент Жапаров Ысык-Көл көйгөйүнө көңүл бурду жана Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын, донор өлкөлөрдү демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө чакырды.
-Акыркы 170 жыл ичинде суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти. Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат. Ысык-Көлдүн негизги суу булагы — Тянь-Шань тоо мөңгүлөрү. Акыркы 70 жылдын ичинде Тоолордогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы эрип кеткен. Анын 20 пайызга жакыны акыркы 7-10 жылдын ичинде гана кыскарган. Бул процесс аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет,- деди Садыр Жапаров.
Президент Ысык-Көлдү сактоого жумшалган аракеттер тууралуу, Арал деңизи менен Чад көлүнүн тагдырына көз чаптыруу маанилүү экенин айтып, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фондун түзүүгө чакырды:
“Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү биздин демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырамын. Ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз” деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: Султан Досалиев/Президенттин басма сөз кызматы




