Белгилүү журналист Нарын Айып дүйнөдөн өттү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 13-февралда, белгилүү журналист жана окумуштуу Нарын Айып 72 жашында дүйнөдөн өттү.
Нарын Айып (Нарынбек Айыпович Идинов) 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1975-1976-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажировкадан өткөн. Андан соң СССР Илимдер академиясынын аспиранты, илимий кызматкери болуп иштеген.
1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында, 1995-2002-жылдары редактор болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдарда “Кабар” агенттигинин директору, 2010-2014-жылдары Коомдук теле-радио корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” программасынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин шеф-редактору кызматында эмгектенген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Андан кийин бир катар медиаларда — 5-каналда алып баруучу, редактор, акыркы учурда “7-каналда” иштеп жаткан.
“ПолитКлиника” медиасы Нарын Айыптын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөт: Интернет булактарынан