Шаардык сот  Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслованы  Кыргызстандын чегинен чыкпасын деген чечимди күчүндө калтырды

Шаардык сот  Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслованы  Кыргызстандын чегинен чыкпасын деген чечимди күчүндө калтырды

“Zanoza. kg” сайтына, Дина Маслова, Нарын Айып, “Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакуповага, Президенттин беделине, кадыр-баркына доо келтирди деген негиз менен Башкы прокуратура ар бирине 3 млн сомдон, жалпысынан 12 млн сомго доо арыз менен сотко кайрылган. Октябрь райондук соту (судья Кымбат Аркарова) жоопкер тарапты Кыргызстандын чегинен чыгарбоо, сайттагы макаланы блокировкалоо жана Чолпон Жакуповага тиешелүү кыймылсыз мүлктү камакка алуу чечимин чыгарган. Бул чечимге макул эместигин билдирген жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту 18-майда биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

18-майда өткөн   Бишкек шаардык сотунун отурумунда сот коллегиясынын төрагасы Акматали Алибаев, мүчөлөрү Аида Манжиева, Назгүл Илиязова болушту.
Бизге белгилүү болгондой, 2017-жылдын 20-апрелинде Башкы прокуратура КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деген арыз менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. Жоопкер Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслова эле. Доо берген тараптын өкүлү Р. Абдырахман ошол эле күнү “Zanoza.kg”  сайтынын жаңылыгын блокировка кылуу, Жакупова, Идинов жана Маслованы иштин акырына чейин Кыргызстандын чегинен чыгарбоо, Жакуповага тиешелүү болгон Кара-Ой айылындагы коттеджди камакка алуу боюнча доо менен кайрылган. Ишти биринчи караган Октябрь райондук соту К. Архарова 26-апрелде арызды карап, доогер тараптын өтүнүчүн орундаткан чечим кабыл алган. Буга макул эместигин билдирип, жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна арыз жазган.
Жалпысынан “Zanoza. kg” сайтынын үстүнөн Башкы прокуратура 5 доо арыз менен сотко кайрылган. Анын негизинде журналист Нарын Айыптын квартирасы камакка алынган.

Шаардык сот  Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслованы  Кыргызстандын чегинен чыкпасын деген чечимди күчүндө калтырдыЧолпон Жакупова: “Менин Конституциялык укугум корголбой жатат”

Ч. Жакупова сотто анын Кыргызстандан чыгууга тыюу салынышы жана кыймылсыз мүлкүн камакка алынышы мыйзамсыз экендигин айтты.
—Башкы прокуратура менден бир гана нерсени—моралдык зыянды  3 млн сомго баалап, ушунча баа турган менин кыймылсыз мүлкүмдү камакка алып олтурат. Демек, териштирүү баштала электе эле доогер өз талабын аткартып алган болууда.
Экинчиден, Жарандык-процессуалдык кодекстин 52-беренесинин негизинде жарандар  ишин өзү же болбосо өкүлдөрү аркылуу жүргүзүүгө тийиш. 58-берененин негизинде соттогу иштерди өкүл аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

КР Конституциясынын 16-беренесинин негизинде бардык жарандар мыйзам жана сот алдында тең укуктуу.  Жоопкер катары мен да, доогер катары Башкы прокурор да бирдей эле укуктабыз. Бирок Баш прокурор сотко катышкан жок, анын өкүлү гана катышып жатат. Мен болсо өзүм катышып жатам жана өкүлдөрүм да катышып жатат. Демек, сот башталганга чейин эле менин укугум чектелип калууда.
Прокуратуранын өкүлү өз арызында жоопкерлердин чет өлкөгө чыгышы ишти кыйындатып жана создуктуруп жибериши мүмкүн дейт. Мыйзам жарандык иштерди жоопкердин өзүнүн катышуусуз эле, өкүлү аркылуу жүргүзүүгө жол берет. Эгер иш объективдүү болсун  десек, жоопкер эле эмес, доо берген тарап да, анын ичинде өлкөнүн Президенти да келиши керек эле. Мен сотто олтурам, ал эми доогер тарап кайда?
КР Конституциясынын 25-беренесинин негизинде ар бир адам Кыргызстандын аймагынан  чыгып кетүүгө укуктуу. Мен Кыргыз Республикасынын мыйзамды сыйлаган жаранымын. Өзүмдүн активдүү жарандык позициямды эч качан өзгөрткөн эмесмин. Оюмду ачык жана так билдирип келе жатам. Менин жарандык позициямдан улам гана мени сотко берип жатышат.
Мен ишиме байланыштуу чет өлкөгө командировкага байма-бай чыгып турушум керек. Сотту урматтап мурунку командировкага, май айында  чыккан эмесмин. Андан материалдык чыгымга да учурадым.  Жарандык-процессуалдык кодекстин (ЖПК) 147-беренесинин негизинде сот доогер тараптан жоопкер тараптын материалдык чыгымдарын талап кыла алат. ЖПКнын 149-беренесинин негизинде сот арызды кабыл алгандан кийин жоопкер тарапка жазуу түрүндө түшүндүрмө берет. Ошондон кийин гана ЖПК 150-беренесинин негизинде доону камсыздоо маселесин кароого уруксат берет.
Жогорудагы процедураларды  бузуп, мага доонун көчүрмөсүн бербей, доогерден менин чыгымымды төлөп берүүнү талап кылбай туруп, биринчи инстанциядагы сот мага чет өлкөгө барууга тыюу салып жатат. Мага чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну алып салууңуздарды өтүнөм.

Шаардык сот  Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслованы  Кыргызстандын чегинен чыкпасын деген чечимди күчүндө калтырдыНарын Айып: “Кичине маалыматка деле, чоң макалага деле доо — 3 млн сом!”

—Башкы прокурор “Zanoza. kg” сайтына чыккан кичине маалымат болсо деле, аналитикалык чоң макала болсо деле, баарына эле 3 млн доо коюп жатат. Баа каалагандай коюлуп жатат. Демек, ылгабай коюлган доо бул процесс саясий экенин билдирет. Доонун өлчөмү эле анын негизсиз жерден коюлуп жатканын айтып турат. Ал эми айыптоочу тарап чоң  өлчөмдөгү доону коюп туруп эле, доонун өлчөмүнүн чоң экендигине карап, анын мүлкүн камакка алып коюшу мүмкүн. Эгер соттор доогерлердин  доонун өлчөмү боюнча арызын канааттандырса, анда бизде каалаган жаран бир нече миллион сомдук доо коюп туруп эле, ошол доонун чоң экендигинен пайдаланып,  сотко чейин жоопкер тараптын мүлкүн камакка алдырып коер прецендент түзүлүп калат.
Балким соттун чечими алдын-ала даяр болсо керек. Даяр чечимди эле окуп берип коёрсуңар.

Шаардык сот  Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслованы  Кыргызстандын чегинен чыкпасын деген чечимди күчүндө калтырдыДина Маслова: “Мен чет өлкөгө кетпейм”

Мен чет өлкөгө чыгып кетпейм. Себеби бул жакта менин оорулуу апам бар.  Доо коюлуп жаткан маалыматты биз сайттан алып салганбыз. Бирок эгер сотко чейин маалыматты интернет колдонуучулар алып, өзүнө сактап, эми кайра интернетке, социалдык түйүндөргө жайылта турган болсо, биз аларды көзөмөлдөй албайбыз.

Судья Акматали Алибаев: “Алдын-ала чечим даяр дегениңер сотту урматтабагандык”  

—Бул жерде соттун чечими алдын-ала даяр болушу керек деп айтылып кетти. Бул сөз сотту урматтабагандык болуп саналат.

Прокурор Руслан Абдырахман: 

—Эгер жооп берүүчү тарапка Кыргызстандан чыгып кетүүгө тыюу салуу талабы жакпаса, анда процесс тез бүтүшү үчүн аны созбошу керек.   Эгер алар сот процессин жасалма эле создуктура берүүнү каалабаса, анда кабыл алынган чечимдерге нааразы болуп, сотко кайрыла бербесин. Процесстин жүрүшүндө биз доонун өлчөмүн көбөйтүп да коюшубуз мүмкүн, -деди прокурор.
Ал эми Жакупова, Идинов, Маслованын адвокаттары аларды жактап, жарандык-процессуалдык кодекске туура келбеген мыйзам бузууларды, анын ичинен адамдын ары-берүү чыгуу эркиндигин бузуу, алдын-ала  мүлкүн камакка алуу тууралуу айтышты. Адвокат Айнура Осмоналиева Кыргызстандын тарыхында жарандык сотто мындай өкүм мурда чыгарылган эместигин билдирди.

Ошентип, Бишкек шаардык соту, коллегия төрагасы Акматали Алибаев, мүчөлөрү Аида Манжиева, Назгүл Илиязова  жоопкерлер—Чолпон Жакупова,  Нарын Айып, Дина Маслованы Кыргызстандын чегинен чыгарбоо, Жакупованын кыймылсыз мүлкүн камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. 

Айгүл Бакеева

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты