“Бул – саясий куугунтук”. Азиза Абдирасулованын соту 23-ноябрда улантылат
- 2 года мурун
Бъгън, 21-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын соту башталды.
Азиза Абдирасулова иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурагандыктан, сот 23-ноябрда улантылмай болду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын соту башталды.

“Бул алдын-ала даярдалган саясий куугунтук. Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун. Ал күнү мен тынч жыйындын катышуучусу эмес болчумун. Мени артымдан кууп жүрүп кармашты” деди укук коргоочу.
15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ушул эле күнү Сапар Аргымбаев да кармалган.
Абдирасулова менен Аргымбаевге укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.
15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, андан кийин акция Максим Горький атындагы гүлбакта улантылган.
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрдү” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган.
15-ноябрда Бишкекте акция учурунда милиция тарабынан кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.