Жогорку Кеңештин алдында Кемпир-Абад боюнча митинг өтүүдө
- 2 года мурун
Бүгүн, 15-ноябрда, Бишкекте Жогору Кеңештин алдында Кемпир-Абад боюнча митинг өтүүдө. Митингге жарандар «Кемпир Абад берилбесин!» деген талаптар менен чыгышты.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө. Ушул эле комитет, буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган эле.
Митингдин жүрүшүн «ПолитКлиниканын» Фейсбук баракчасынан түз эфир аркылуу көрсөңүздөр болот:
Муну бөлүшүү