Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду

Бишкекте 15-ноябрда акция учурунда милиция тарабынан кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду.

Алар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Абдирасулова менен Аргымбаевге  укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

Сапар Аргымбаев «спирт ичимдигин ичти» деген жүйө менен республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөнүн, бирок жыйынтыгы терс чыкканын маалымдаган.

Абдирасулова кармалганын өзүнүн позициясы менен байланыштырды.

«Мен акцияга катышкан жерим жок» дегениме карабай, Түкөбаевдин көрсөтмөсү менен мени күчтөп кармап, милицияга алып келишти. Төрт саат ичинде сурак да болбоду. Эмне себептен мени кармаганын тыңгылыктуу түшүндүрүшкөн да жок. Себебин мен билип эле турам, «ПолитКлиника» сайтына бийликти сындап маек кургам, ал кечээ чыгары менен келип эскертүү беришти, бүгүн күч колдонуп кармашты» деди ал.

Азиза Абдирасулованын «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнө берген маеги:

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ушул эле күнү Сапар Аргымбаев да кармалган.

15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, андан кийин акция Максим Горький атындагы гүлбакта улантылган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрдү” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты