БШК Жогорку сотко Талант Мамытов боюнча кассациялык даттанууну кайталап берди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда талапкер Талант Мамытовду “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине калыбына келтирүү боюнча Бишкек шаардык административдик соттун чечимине даттануу боюнча Жогорку сотко кассациялык даттанууну кошумча өтүнмө менен кайталап берди.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, БШКнын кассациялык даттануусу административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарган

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкек шаардык административдик соттун чечимине даттануу үчүн Жогорку Сотко кассациялык даттануу берген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин төраганын орун басары Аида Касымалиева аткарууда.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты