БШК Талант Мамытовду шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду келерки парламенттин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты.  

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, БШК “Ынтымак” саясий партиясынан Талант Мамытовду каттаган жок, калган 53 талапкерди каттаган.  

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы мамлекеттик саясий кызмат болуп эсептелет жана ал кызматты ээлеген адам шайлоодо талапкер болуп көрсөтүлгөндөн баштап, кызматын өткөрүшү керек болчу. Талапкер Мамытов кызматын тапшырган эмес. Ошол себептен БШК аны талапкер катары каттоодон баш тартты.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты