Аида Касымалиев парламент төрагасынын милдетин аткарат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин төраганын орун басары Аида Касымалиева аткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

24-октябрда БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими «өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, «Ынтымак» партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган.

БШК Бишкектин административдик сотунун бул чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылары айтылган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты