Сот төрага Талант Мамытовду талапкерликке каттоо чечимин кабыл алды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттин келерки чакырылышынын депутаттыгына талапкер катары каттала турган болду.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын административдик соту кабыл алды.   
Сот Жогорку Кеңештин төрагасы дайындалуучу эмес, шайланып келүүчү кызмат экени тууралуу жактоочунун пикирин туура деп таап. БШКнын Мамытовду талапкерликке каттабоо чечимин жокко чыгарды.

Талант Мамытов “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталып, шайлоого бара турган болду.      

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду келерки парламенттин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.  

БШКнын айтымында, шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы мамлекеттик саясий кызмат болуп эсептелет жана ал кызматты ээлеген адам шайлоодо талапкер болуп көрсөтүлгөндөн баштап, кызматын өткөрүшү керек болчу деген. Талапкер Мамытов кызматын тапшырган эмес деп, БШК аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты