БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы 29 талапкерди каттады
- 8 месяцев мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
— Алымбеков Максат — № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
— Лурова Лейла — № 18 шайлоо округу;
— Мамытов Талант — № 13 шайлоо округу;
— Иманбек кызы Бактыгүл — № 22 шайлоо округу;
-Түлөбаев Балбак — № 28 шайлоо округу;
— Жороев Исманали — № 1 шайлоо округу;
— Шабазов Бахридин — № 25 шайлоо округу;
— Абдыкадыров Эмилбек — № 22 шайлоо округу;
— Малиев Арсланбек — № 28 шайлоо округу;
— Асанкулова Алтынай — № 27 шайлоо округу;
— Атажанов Ырысбек — № 2 шайлоо округу;
— Эргешов Казыбек — № 24 шайлоо округу;
— Керимбаев Мураталы — № 15 шайлоо округу;
— Култаева Гүлшаркан — № 14 шайлоо округу;
— Сыдыков Бактыбек — № 13 шайлоо округу;
— Карабекова Кызжибек — № 12 шайлоо округу;
— Абдыкаров Тойгонбай — № 12 шайлоо округу;
— Белеков Адилет — № 29 шайлоо округу;
— Умаров Адыл — № 15 шайлоо округу;
— Жакышов Русланбек — № 16 шайлоо округу;
— Абдыжапарова Нурбүбү — № 29 шайлоо округу;
— Кокулов Эрулан — № 28 шайлоо округу;
— Козуев Алишер — № 7 шайлоо округу;
— Түмөнбаев Акылбек — № 27 шайлоо округу;
— Айдарова Айгүл — № 1 шайлоо округу;
— Алтынбеков Айбек — № 13 шайлоо округу;
— Чекилов Ринат — № 23 шайлоо округу;
— Расул кызы Миргүл — № 16 шайлоо округу;
— Чалов Ильяз — № 23 шайлоо округу.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Буга чейин БШК 21 талапкерди каттоодон өткөргөн. Каттоодон өткөн талапкерлердин саны 50гө жетти.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




