Жогорку Кеңеш депутаттыгына 21 талапкер катталды

  • 11 месяцев мурун

22-октябрга карата алдыдагы шайлоолорго Жогорку Кеңештин депутаттыгына 21 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымат жарыяланды.  

Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо 2025-жылдын 10-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Катталган талапкерлер тууралуу маалымат менен округдар боюнча таанышса болот, ал үчүн тиешелүү шайлоо округун тандаңыз. Тизме менен бул жерден таанышсаңыз болот:

№ 1 шайлоо округу:

  1. Набиева Асел —  Жогорку Кенештин кызматкери
  2. Темирбаева Миргүл — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты
  3. Талиева Камила — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 2 шайлоо округу

1.Калпаев Бактыяр — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 3 шайлоо округу

1.Матраимов Бакытбек — убактылуу жумушсуз

№ 4 шайлоо округу

Алимжанова Нилуфар — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 5 шайлоо округу

  1. Маматалиева Багдадгүл-  мугалим

№ 8 шайлоо округу

  1. Жолдошова Жылдызкан — Датка корпорэйшн” ЖЧК директору
  2. Семетей кызы Аизирек -ЖЧК, юрист

№ 10 шайлоо округу

  1. Шалтакова Гүлбү — клиника «Лазмед»

№ 14 шайлоо округу

  1. Утурбаева Мариякан — элдик курултайдын эксперти
  2. Мамасадыков Замирбек — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 17 шайлоо округу

1.Сабырбекова Ырыс — Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери

№ 18 шайлоо округу

  1. Бийбосунов Эркин — жергиликтүү кеңеш депутаты

№ 20 шайлоо округу

1.Атамбаев Сеидбек Алмазбекович — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 22 шайлоо округу

1.Бекешев Дастан Далабайевич — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 24 шайлоо округу

  1. Акимбаева Гүлнара прокурор

№ 26 шайлоо округу

  1. Кожомкулов Фархат —  ЖК депутатынын жардамчысы
  2. Абакиров Эльдар Курманбекович — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

№ 28 шайлоо округу

  1. Жунушбаева Рахат Мырзабековна – “Капитал” компаниясынын директору

№ 30 округу

1.Таалайбек кызы Жылдыз — Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаты

6,7, 9, 11, 12, 13, 15, 16, 19, 21, 23, 25, 27, 29 шайлоо участкаларында талапкерлер каттала элек.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга 407 адам арыз берген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты