БШК Таластагы шайлоо боюнча чечимдерге каршы Жогорку Сотко кайрылды

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерине каршы Жогорку сотко арыз берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

28-февралда Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канаттандырган. Чечимди Бишкек шаардык соту 9-апрелде күчүндө калтырган.

Эске салсак, 22-февралда Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айткан. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун билдирген.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан Бактыбек Чойбеков депутат болуп шайланган.

Чойбеков Эмилбек Абдыкадыров губернатор же мэр болуп турганда арыз жазса туура болмок деген пикирин айтты. «Жумушу жок калганда мандат алам дегени адамдык, аксакалдык сапатка жарашпай жатат. Албетте, бийлик тарабынан бир аз колдоо болгон үчүн ушуга барып жатат” деди депутат.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып үч айдан кийин кызматтан алынган.  

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты