Бактыбек Чойбеков мандатынан ажыратылат. Сот Таластагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

  • 5 месяцев мурун

28-февралда Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канаттандырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 22-февралда Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айткан. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун билдирген.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан Бактыбек Чойбеков депутат болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты