Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп мындан үч ай мурда дайындалган. Буга чейин бул кызматты Илияз Иманбетов аркалап келген.

Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан 2023-жылы 31-октябрда кызматтан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты