Бактыбек Чойбеков мандаты боюнча шаардык соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрыла турганын айтты

  • 4 месяца мурун

Депутат Бактыбек Чойбеков мандаты боюнча шаардык соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

Чойбеков Эмилбек Абдыкадыров губернатор же мэр болуп турганда арыз жазса туура болмок деген пикирин айтты. «Жумушу жок калганда мандат алам дегени адамдык, аксакалдык сапатка жарашпай жатат. Албетте, бийлик тарабынан бир аз колдоо болгон үчүн ушуга барып жатат”, — деди депутат.

9-апрелде Бишкек шаардык соту буга чейинки инстанциянын №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, 22-февралда Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айткан. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун билдирген.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан Бактыбек Чойбеков депутат болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты