БШК шайлоого катышкан талапкерлерди коркутпаганын, басым болбогонун билдирди
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чындыкка жатпаган, фейк билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.
-Акыркы кездерде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жупуева Айдана атынан Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле, пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес,- деп билдирди БШК.
БШК ошондой эле объективдүүлүктү карманып, эч бир талапкерлер артыкчылык бербей турганын кошумчалады:
-Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз,-деп айтылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн биротоло жыйынтыгын чыгарат.
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
№13 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бере турганын Би-Би-Сиге билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




